Өзбекстанда пахта теримге мажбурлоо уланууда

Автор -

Өзбекстандын айрым аймактарында 14-сентябрда пахта терим башталды. Өзбек бийлиги тыюу салганына карабай, кээ бир бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү.

Анжиян аймактык электротүйүндөр ишканасынын жетекчилиги кызматкерлерден пахта теримге өз эрки менен чыгып жатышканы тууралуу тил кат жаздырып алды.

[ads-quote-center cite=’деди кызматкерлердин бири.’]»Бизге: «Пахта тер же 500 миңден 1 миллион сумга (50-100 доллар) чейин акча төлөгүлө деп айтышты. Биздин маянабыз араң 1 миллион сум, эми эмне кылышыбыз керек? Биздин көйгөйдү ким угат?»[/ads-quote-center]

Айрым мекеме жетекчилери пахта теримге чыкпагандарды «жумуштан бошотом» деп коркутуп жатканы кабарланууда.

Өткөн аптада Улуттук гвардиянын алдындагы Аскердик-техникалык институттун, ИИМ Академиясынын жана Жогорку аскердик бажы институтунун курсанттары пахта теримге чыгууга мажбурланып жатканын билдиришкен.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 12-сентябрда мектеп окуучуларын, студенттерди жана бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин күч менен пахта теримге чыгарууга тыюу салган.

Ага чейин АКШнын Эмгек министрлиги Өзбекстанды товар өндүрүүдө балдардын эмгеги колдонулган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарган.