Өзбекстанда мугалим 9 жаштагы окуучуну сабады (видео)

Автор -

Өзбекстандын Челак шаарындагы №79 мектептин тогуз жаштагы окуучусу класс жетекчиси тарабынан сабалды. Бул тууралуу жабыркаган окуучунун атасы билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Жат жазууда уулум ката кетиргендиги үчүн мугалим аны 36 окуучунун көзүнчө сабаган. Кичинекей ката үчүн башына жана сол ийнине көп жолу урган. Азыр баламдын ийни бүт көгөргөн»[/ads-quote-center]

Анын айтымында, учурда уулу психологдун жардамын алып, дары ичүүдө.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Баламдын нерви жабыркаган. Аны психологго, невропатологго жана травматологго көрсөттүм. Учурда үйдө дарыланып, бир нече дары ичип жатат»[/ads-quote-center]

Жергиликтүү милициянын өкүлү окуучунун сабалышы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Окуучу экспертизадан өттү. Учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мугалимден, окуучудан жана анын атасынан түшүнүк кат жаздырып алдык»[/ads-quote-center]

Мектептин директору Асад Жураев бул окуяга байланыштуу мекемеде ички териштирүү башталганын билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди директор.’]«Биз мугалимге сөгүш жарыяладык. Чынында ал өтө тажрыйбалуу педагог. Болгону ал күнү үйүндө жаңжал чыгып, ага капалангандыктан балага кол көтөргөн. Учурда ал кылганына өкүнүп жатат»[/ads-quote-center]