Кыйноого каршы борбордун өкүлдөрү Жоробеков менен жолугушту

Автор -
@Azattyk

Кыйноолорду алдын-алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Афтандил Жоробеков менен жолугушту. Бул тууралуу журналисттерге борбор директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында, жарандык активист жана блогер Жоробеков эч кандай кыйноолор болбогондугун жана тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыгы жоктугун билдирген.
[ads-quote-center cite=’деди Нурдин Сулайманов.’]«Афтандил Жоробековдун айтымына караганда, психикалык басым көрсөтүлгөн эмес, кыйнашкан дагы жок. Ал өзүн жакшы сезүүдө. Жактоочулар анын жанына тоскоолдуксуз өтүүдө», [/ads-quote-center]
Бүгүн жактоочулар блогерге жылуу кийимдерин жана тамак-аш беришти.
Эскерте кетсек, УКМК 24-ноябрда аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээкк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.
Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.
Бул арада Жоробековдун карындашы бул маселени чечүүдө жардам сурап, президентке жана Өмүрбек Текебаевге кайрылган. Активисттин жакындары анын камакка алынышын Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.
Алар «БеспределKG» баракчасына камакка алынган Афтандил Жоробеков тууралуу кыска тасма жарыялашты.
«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай чыгып турган.